Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу алтын доорго кадам таштады

Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу алтын доорго кадам таштады. Бул тууралуу президент Жапаров Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен «Ынтымак ордодогу» жолугушууда билдирди.
Өлкө башчысы кебин «менин кымбаттуу досум» деп баштаган. Ал кыска мезгил ичинде Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлге жеткенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн кызматташтыгы өнүгүүнүн алтын дооруна кирди деп ишенимдүү айта алам. Албетте, бул жетишкендиктердин баары сиздин жеке колдооңуздун аркасында ишке ашууда», — деди Жапаров.
Анын айтымында, Кыргызстан “Бүтүн Кытай” принцибин колдойт. Өлкө башчысы Кытайдын глобалдык өнүгүү, коопсуздук жана цивилизация жаатындагы демилгелерин колдоого аларын айтты. Эл аралык кырдаал татаалдашып турган шартта Кытайдын бул демилгелери дүйнөлүк коомчулук алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү экенин белгиледи.
Президент учурда жасалып жаткан иштерге токтолуп, жаңы өткөрүү бекеттеринин ачылышы, жолдордун, темир жолдун курулушу менен Улуу Жибек Жолу жанданып жатканын кошумчалаган.
Жапаров Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң маани берерине токтолду. Анын айтымында, эки эл кылымдар бою коңшу жашап, достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоого негизделген тыгыз байланыштарды түзүп келген.
“Бүгүн кол коюлуп жаткан түбөлүккө достук жөнүндө келишим эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз болуп берерине ишенем”, — деген Жапаров.



