Саясат

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Ал акыркы 35 жылда, анын ичинде Садыр Жапаровдун беш жылдан ашык убакыттан берки жетекчилиги астында Кыргызстан мамлекеттик курулуш жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

«Достук мамиледеги коңшу жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары Кытай тарап бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат», — деп айтылат куттуктоодо.

Си Цзиньпин Кытай-Кыргызстан мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирип, өткөн жылы Садыр Жапаров менен үч жолу жолукканын белгиледи. Анын айтымында, жолугушууларда эки тараптуу мамилелер жана кызматташтык боюнча пикир алмашылып, мындан аркы өнүгүүнүн жаңы планы белгиленген.

Кытай лидери Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки өлкөнүн «тагдырлаш коомчулугун» түзүү багытындагы биргелешкен аракеттерди жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирди.

Си Цзиньпин Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүү, ал эми кыргыз элине бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

Си Цзиньпин Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button