Саясат

Си Цзиньпин: Өлкөңүздөрдүн канчалык тез өзгөрүп, өнүгүп жатканын өз көзүм менен көрдүм

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын тез өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай Кыргызстан менен кеңири багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Си Цзиньпин жети жылдан кийин Кыргызстанга кайра келгенин белгилеп, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жана өнүгүүдөгү жетишкендиктерге жогору баа берди.

«Жети жылдан кийин мен кайрадан кооз Кыргызстанга келдим. Өлкөңүздөрдүн канчалык тез өзгөрүп, өнүгүп жатканын өз көзүм менен көрдүм. Өнүгүүдөгү таасирдүү жетишкендиктерге жана коомдук турмуштун жандуу экенине күбө болдум. Кыргызстандын достук коңшусу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү катары Кытай буга чын жүрөктөн кубанат», — деди Си Цзиньпин.

Ал акыркы жылдары Кытай менен Кыргызстандын мамилелери тез темп менен өнүгүп жатканын, ал эми ар түрдүү тармактардагы кызматташтык олуттуу натыйжаларды берип жатканын белгиледи.

Кытай лидери ири биргелешкен долбоорлордун катарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун өзгөчө белгиледи.

Си Цзиньпиндин айтымында, мындай ири долбоорлор эки өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, калктын кеңири катмарына пайда алып келет. Ошондой эле алар аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууга салым кошот.

Эки өлкөнүн келечектеги пландары тууралуу сөз кылып жатып, Си Цзиньпин Кытай 14-беш жылдык планын ишке ашыруунун алкагында күчтүү мамлекетти курууну жана кытайлык модернизациянын негизинде кытай улутунун улуу кайра жаралуусуна жетишүүнү комплекстүү түрдө алдыга жылдырып жатканын айтты. Ал эми Кыргызстан 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын жигердүү ишке ашырууда.

«Кытай Кыргызстан менен биргеликте өнүгүү стратегияларын айкалыштырууну бекемдөөгө, мамлекеттик башкаруу тажрыйбасы менен алмашууну тереңдетүүгө, жарандар үчүн реалдуу жана жеткиликтүү боло турган кызматташтыктын дагы көптөгөн практикалык натыйжаларын жаратууга жана Кытай менен Кыргызстандын тагдырлаш коомчулугун курууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр», — деп билдирди Си Цзиньпин.

Тектеш кабарлар

Back to top button