Окуялар
Бишкектеги «Мадина» базарындагы өрттөн кийин нөөмөт уюштурулду

Бишкектеги «Мадина» базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин, окуя болгон жерде нөөмөт уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ыкчам чара көрүү үчүн борбор калаанын Октябрь жана Свердлов райондорунан эки өрт өчүрүүчү топ нөөмөткө калтырылды.
Өрт 30-августта саат 08:32де башталып, 21:02де толугу менен өчүрүлгөн. Өрт чыккан аянт болжол менен 1,5 миң чарчы метрди түздү.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 11 өрт өчүрүүчү топ тартылган.



