Саясат

Путин менен Эрдоган Бишкекте Украинадагы кырдаалды талкуулашат

Бишкекте Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууга Түркия даяр экенин билдирди. Бул тууралуу «РИА Новости» Түркиянын өкмөтүндөгү булакка таянып маалымдады.

Жолугушууда лидерлер Кара деңиздеги коопсуздук маселелерине жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүнө да токтолушары күтүлүүдө.

Алдыдагы күндөрү Бишкек бир катар маанилүү эл аралык маселелер талкууланган аянтчага айланат.

Сүйлөшүүлөр Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында өтүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button