Коом
Бүгүн Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

Бүгүн, 2- сентябрда Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, 31-августта жана 1-сентябрда коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарган.
Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөргөн.



