Коом
Агартуу министрлиги “Ачык министрлик” долбоорун баштады

Жаңы окуу жылынын алдында министрликтин жетекчилиги жана башкармалыктардын башчылары ата-энелердин жана коомчулуктун билим берүү тармагына байланыштуу суроолоруна WhatsApp аркылуу жооп беришет.
Эгер жеринде чечилбей жаткан маселелер болсо, төмөнкү багыттар боюнча жарандар кайрылса болот:
- Мектепке чейинки билим берүү — Нурзида Касымова;
- Жалпы орто билим берүү — Мелисбек Музулманов;
- Башталгыч кесиптик билим берүү — Бактыгүл Акулова;
- Кадр маселелери — Гүлзат Чотбаева;
- Каржылоо маселелери — Руслан Садырбаев;
- Кошумча билим берүү жана тарбия иштери — Алтынбек Эркимбеков;
- Санариптик платформалар — Гулиза Көчөрбаева;
- Укуктук маселелер — Дүйшөн Акимжанов;
- Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура маселелери — Тимур Дүйшеев;
- Аккредитациялоо жана лицензиялоо — Марат Усупбеков.
Белгиленгендей, материалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле баланы мектепке же бала бакчага жайгаштыруу боюнча жеке кайрылуулар кабыл алынбайт.
“Суроолор так, түшүнүктүү жана билим берүү тармагына тиешелүү болушу керек. Кемсинткен, мазактаган жана адепке туура келбеген билдирүүлөргө жол берилбейт. Суроолор WhatsApp аркылуу иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат”, — деп айтылат маалыматта.



