Коом
Кыргызстанда жакырчылык 1,7 пайызга төмөндөдү

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жакырчылык 24%ды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Шаар жергесинде жакырчылыктын деңгээли бир жыл ичинде 2,1 пайызга, ал эми айыл жергесинде 1,3 пайызга төмөндөгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы жакырчылыкта 1 млн 779 миң адам жашаган. Алардын 62,2%ы айыл жергесинин тургундары болгон.
Ошону менен бирге 17 жашка чейинки 906 миң 400 бала же 17 жашка чейинки балдардын 29,7%ы жакырчылык шартында жашаган.



