Коом

Кырчында этношаарчанын айланасына көп жылдык газон себилет

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган этношаарчанын аймагы жашылдандырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, боз үйлөр жана убактылуу объектилер алынгандан кийин атайын даярдалган аянттарга жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан көп жылдык газон чөбү себилет.

Иштер министрлик тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлөт.

Ошондой эле «Шамал» фестивалынын катышуучулары аймакты жашылдандыруу иштерине катышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button