Коом

Кыргызстанда металл издегичтерди алып кирүүгө жана колдонууга чектөө киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда тарыхый-маданий мурастарга тиешелүү объектилерди издөөдө колдонулган металл издегичтерди жана башка атайын жабдууларды колдонууга уруксат берүү тартибин киргизүү жана аларды мамлекеттик каттоого алуу сунушталууда.

Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте металл издегичтерди, металл детекторлорду, георадарларды, магнитометрлерди жана электромагниттик сканерлерди сатып алуу, каттоо, сактоо, колдонуу жана жүгүртүү тартибин жөнгө салуу каралган.

Ошондой эле алып кирүүгө жана колдонууга чектөө коюла турган жабдуулардын тизмесин бекитүү сунушталууда.

Негиздемеде мындай техникаларды көзөмөлсүз колдонуу мыйзамсыз казууларга, маданий катмардын бузулушуна жана археологиялык табылгалардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө алып келери айтылат.

Долбоорду иштеп чыгуучулар учурда бул жабдуулар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтпөй турганын, аларды өлкөгө алып кирүүгө жана сатууга көзөмөл жүргүзүүнүн бирдиктүү механизми жок экенин белгилешкен. Бул мыйзам бузуучуларды аныктоону кыйындатат.

Негиздемеде Улуттук статистика комитетинин фотограмметриялык, геодезиялык жана топографиялык приборлор менен шаймандардын импорту көбөйгөнү тууралуу маалыматтары да келтирилген. 2023-жылы 1 миң 26 даана, ал эми 2025-жылы 3 миң 670 даана жабдуу импорттолгон. Бирок статистика жабдуулардын кеңири категориясын камтыгандыктан, алардын баарын металл издегичтер деп эсептөөгө болбойт.

Токтом кабыл алынган учурда ал 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button