Коом

Октябрдын аягына чейин Бишкекте жаңы 8 тилкелүү көпүрө жарым-жартылай ачылат

Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев «Кабар» агенттигине борбор калаадагы жол тыгындарын жоюуга багытталган мэриянын практикалык кадамдары жана инфраструктуралык долбоорлору тууралуу айтып берди.

«Бүгүнкү күндө бекитилген пландын алкагында жер алдындагы жана жер үстүндөгү 23 жөө адамдар өтүүчү өтмөктү куруу каралган. Алардын ичинен 7 объект толугу менен даяр. Көпүрөлөр боюнча 6 объекттин ичинен 4өөнү куруп жатабыз, ал эми 1 көпүрө пайдаланууга ийгиликтүү берилди.

Ошондой эле планда 3 ири транспорттук өтмөк бар. Алар Айдарбеков – Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Фучик – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Анкара көчөсүнүн кесилишинде курулат», — деди вице-мэр.

Рамиз Алиев жол тармагын оңдоо жана кеңейтүү боюнча иштердин аралык жыйынтыктарына да токтолду.

«Башында 120 чакырым жолду оңдоо пландалган. Бирок 17-сентябрга карата бул көрсөткүч 140 чакырымдан ашты.

Негизги долбоорлорубуздун бири — узундугу 200 метрден ашкан ири көпүрө. Ал 8 тилкелүү болуп, туурасы 40 метрди түзөт. Чыгыш жана батыш багыттарындагы кыймылды октябрь айынын аягына чейин ачуу, ал эми объектти жыл соңуна чейин толук бүтүрүү пландалууда.

Андан кийин дароо Лев Толстой жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорттук өтмөктүн курулушуна киришебиз», — деп билдирди Рамиз Алиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button