Бишкекте бала бакчага кезекте 33,4 миңдей бала турат

Бишкек шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларга кезекте болжол менен 33,4 миң бала турат. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Рахат Мусаева билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 12,8 миңи же болжол менен 37 пайызы — 2 жашка чейинки балдар.
Комиссиянын төрайымы Өмүркан Асанбаева кезектеги балдардын саны көп экенин белгилеп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында бала бакчаларды куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
«20 миң бала деп эсептесек да, бул абдан көп. Канча бала бакча куруу керек? Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында куруу маселесин караса болобу? Кандай шарттар каралган?» — деп сурады Асанбаева.
Мусаева МЖӨ боюнча жоопту жазуу жүзүндө берүүгө убада кылды.
Ошондой эле ал жеке ишкерлерге сунушталган шарттар азырынча кызыксыз болуп жатканын айтты. Асанбаева жеке ишкерлер да инвестиция салып, өз чыгымдарын акташы үчүн аларга кызыкчылык жарата турган шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Вице-мэр бала бакча ачуу талаптары жеңилдетилгенин, эми мындай мекемелерди үй шартында да ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн эске салды. Анын айтымында, үй тибиндеги жеке бала бакчалардын саны өсүүдө.
«Бирок булар жеке мекемелер. Биздин милдет — көйгөйдү бала бакчага берүү ар бир үй-бүлө үчүн жеткиликтүү жана кымбат эмес боло тургандай чечүү», — деди Асанбаева.
Рахат Мусаева мектепке чейинки билим берүүгө ваучер берүү иштери да уланып жатканын кошумчалады.
Анын маалыматына караганда, Бишкекке 200 квота бөлүнгөн — төрт райондун ар бирине 50дөн. Азырынча болжол менен 130 бала ваучер аркылуу бала бакчага барып жатат.



