Коом

Кыргызстан менен PIOLINK санариптик инфраструктура жана киберкоопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров PIOLINK компаниясынын Президенти Ян Чхоль Чо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

«Бүгүнкү күндө санариптик инфраструктура өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Биз үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди киргизүү менен гана чектелбестен, санариптик долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү да маанилүү. PIOLINK менен кызматташтык технологиялык базаны чыңдоого жана Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Тараптар Кыргыз Республикасында санариптик трансформация жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жана заманбап технологиялык чечимдерди киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен PIOLINK компаниясынын ортосунда санариптик инфраструктура жана киберкоопсуздук жаатында кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button