Коом
22-сентябрда Бишкектин 3 конушунда суу болбойт

Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.
«Ичүүчү суу «Контррезервуарлар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулмакчы»,-деп айтылат маалыматта.



