Коом
25-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Таласта +21…+26, Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын чөлкөмүндө +15…+20 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +24…+26 градус болот.



