Коом
Казакстанда бүгүн улуттук аза күтүү күнү жарыяланды

Казакстанда бүгүн жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев мындай чечимди Маңгыстау облусундагы машыгууда аскерлердин каза болушуна байланыштуу кабыл алганын Ак ордо билдирди.
Маалым болгондой, кечээ Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда казакстандык 17 аскер кызматкери чөгүп кеткен. Алардын 12си каза болуп, үчөө куткарылган. Дагы экөөнү издөө уланууда.
Токаев кырсыктын жагдайларын тактап, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырды.



