Кыргызстан менен Улуу Британиянын кызматташтыгы активдешти

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү лорд Жон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы активдешкенин айтты. Жолугушууда жогорку деңгээлдеги байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле каржы жана билим берүү тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана ишти активдештирүүгө даяр экенин билдиришти.



