Коом

Чүйдө электр энергиясына карызы бар 10 миңден ашуун жарандын жарыгы өчүрүлөт

Чүй облусунда электр энергиясы үчүн карызы бар 10 миңден ашык абоненттин жарыгы 28-30-сентябрь күндөрү өчүрүлөт. Бул тууралуу «Чүй электр тармактары» ишканасы билдирди.

Электр энергиясын өчүрүү АИСКУЭ системасына туташкан эсептегичтер аркылуу аралыктан жүргүзүлөт. Абоненттер карызынын бар-жогун «Мой свет» тиркемеси же сайт аркылуу текшере алышат.

Карызды бардык төлөм терминалдары, электрондук капчыктар (MBank, O!, MegaPay жана башкалар), ошондой эле банктардын кассалары аркылуу төлөөгө болот. Кошумча маалымат алуу үчүн тургундар 105 же 0702 001 209 номерлери аркылуу байланыша алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button