Кыргызстанда психикалык оорулары бар 52 миңден ашуун жаран катталган

Кыргызстанда 2026-жылдын башына карата психикалык оорулары бар 52 миңден ашуун жаран катталган. Бирок өлкөдө 138 гана психиатр дарыгер иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда мындай жарандар дарылана ала турган үч стационар — Бишкекте, Кызыл-Жарда жана Чым-Коргондо иштейт. Алар жалпы 1 475 орунга эсептелген. Бул медициналык мекемелерде 64 дарыгер эмгектенет.
Министрдин орун басары белгилегендей, Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында соттун чечими менен мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн адамдар да кармалат. Медициналык мекеме кайтарылат. Ал эми Чым-Коргондогу оорукананы кайтарууга каражат каралган эмес.
Депутат Эльвира Сурабалдиева азыркы система бейтаптарды каттоону, ооруканага жаткырууну жана чыгарууну гана камтый турганын белгиледи.
Анын айтымында, бейтаптар ооруканадан чыккандан кийин аларды коштоп көзөмөлдөө жүргүзүлбөйт, борборлоштурулган реестр да жок.
Нурбек Букуев психикалык оорулары бар жарандар үчүн бирдиктүү реестр түзүү пландалып жатканын жана алар адистердин көзөмөлүндө болорун билдирди.



