Коом
29-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26, Баткен, Талас аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +17…+22 градусту түзөт.
Борбор калаа Бишкекте +23…+25 градусту көрсөтөт.



