Коом

Кезекте 10 миңден ашуун жаран турат. МИКтен социалдык ипотека боюнча майыптыгы бар 573 жаран үй алган

МИКтин социалдык ипотека программасынын алкагында майыптыгы бар 573 адам турак жайга ээ болду. Ал эми дагы 10 миң 222 майыптыгы бар адам турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында МИКтин төрагасынын орун басары Нургазы Атканов билдирди.

Анын айтымында, социалдык ипотека баштапкы төлөмсүз, жылына 4 пайыздык үстөк менен 25 жылга берилет. Киреше катары майыптыгы бар адамдын жөлөкпулу жана анын жакындарынын кирешеси эсепке алынат.

Ошол эле учурда майыптыгы бар адамдар үчүн турак жай кезегин жылдырууда өзүнчө жеңилдик каралган эмес. Кезек МИКтин башка программаларына катышкан жарандар менен бирдей тартипте жылат.

Учурда МИК аркылуу турак жай алуу үчүн жалпы 110 миңге жакын адам кезекте турат.

«Майыптыгы бар адамдар бир бөлмөлүү батир үчүн айына 15 миң сом төлөшөт. Азырынча төлөй албай калган учурлар болгон жок», — деди Нургазы Атканов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Талкуу учурунда депутаттар программанын майыптыгы бар адамдар үчүн канчалык жеткиликтүү экенине күмөн санашты. Ошондой эле мындай жарандарды көп учурда туугандары коштоп жүрүп, көп сандаган документтерди чогултууга туура келерин белгилешти.

Депутаттар майыптыгы бар адамдар үчүн турак жай кезегин жылдырууда жеңилдиктерди карап чыгууну, ошондой эле жеткиликтүү чөйрө, медициналык жардам жана башка зарыл кызматтар менен камсыздалган социалдык шаарчаларды куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 221 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашайт. Алардын 37 миңден ашууну — балдар.

Майыптыгы бар адамдар өлкө калкынын болжол менен 3 пайызын түзөт. 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга ай сайын 8 миң сом жөлөкпул берилет. 18 жаштан кийин жөлөкпулдун өлчөмү майыптыктын тобуна жараша белгиленет:

I топко — 5 500 сом, II топко — 3 миң сом, III топко — 2 миң сом.

Жеке ассистенттин кызматынан 16 миңге жакын адам пайдаланат. Февраль айынан тартып жеке ассистенттерге ай сайын 8 697 сом төлөнүп келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button