Ош, Манас жана Баткен шаарларында жаңы студенттик жатаканалар курулат

Ош, Манас жана Баткен шаарларында жаңы студенттик жатаканаларды куруу пландалууда. Объектилердин курулушун 2027-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү тапшырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
28-сентябрда министр Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жаңы жатаканалардын долбоорлору боюнча кеңешме өткөрдү. Анда долбоордук чечимдер, курулушка даярдык көрүүнүн жүрүшү, сапат талаптары жана иштерди аяктоо мөөнөттөрү талкууланды.
Долбоорлорго ылайык, Ош шаарында 720 орундуу тогуз кабаттуу, Манас шаарында 740 орундуу тогуз кабаттуу жатакана курулат. Ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган төрт кабаттуу жатакана салуу каралган.
Министр курулуш иштерин мүмкүн болушунча тез арада баштоону, долбоордук чечимдерди так сактоону, ошондой эле имараттардын коопсуздугуна жана сейсмикалык туруктуулугуна коюлган талаптарды аткарууну тапшырды.



