Коом

Кыргызстанда жашы жете элек балдардын чет өлкөгө убактылуу чыгуусуна уруксат берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда жашы жете элек балдардын экинчи ата-энесинин макулдугусуз чет өлкөгө убактылуу чыгуусуна негиздердин тизмесин кеңейтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралууда.

Юстиция министринин орун басары Кубан Казаковдун маалыматына караганда, учурда жашы жете элек баланын чет өлкөгө чыгуусунун эки механизми бар: мыйзамдуу өкүлдөрдүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугунун негизинде же соттун чечими менен.

Мыйзам долбоору менен дагы эки механизмди киргизүү сунушталууда. Бул айрым учурларда балдардын чет өлкөгө чыгуусун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Тактап айтканда, баланы дарылоо, мектептик олимпиадаларга, спорттук, маданий жана билим берүү иш-чараларына катыштыруу үчүн экинчи ата-эненин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугусуз убактылуу чет өлкөгө чыгарууга уруксат берүү сунушталууда. Бул үчүн ата-энелердин биринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана баланы коштоп бара жаткан адамдын аны белгиленген мөөнөттө Кыргызстанга кайтарып келүү милдеттенмеси талап кылынат.

Мындай тартип ата-эненин экөө тең Кыргызстандын жараны болгон учурда жана сапардын максаты саламаттык сактоо, билим берүү, маданият же спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын документтери менен ырасталганда колдонулат.

Экинчи негиз катары баланы багууга экинчи ата-эненин милдеттерин аткаруудан качуусу сунушталууда. Мындай учурда бала үч айдан ашпаган мөөнөткө экинчи ата-эненин макулдугусуз, мыйзамдуу күчүнө кирген нотариалдык буйруктун негизинде чет өлкөгө убактылуу чыга алат. Бул талап ата-энелердин экөө тең Кыргызстандын жараны болгондо колдонулат.

Эгер экинчи ата-эне каршылык билдирсе, нотариалдык буйрук жокко чыгарылышы мүмкүн. Мындай учурда баланын чет өлкөгө чыгышы боюнча талаш сот тартибинде чечилет.

Мыйзам долбоорунда белгиленген убактылуу чыгуу мөөнөтү аяктагандан кийин баланы чет өлкөдө атайылап кармап калуу үчүн жоопкерчилик да каралган. Мындай аракетке 1 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталууда.

Ошол эле учурда 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын Кыргызстандан туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө чыгышына алардын жазуу жүзүндөгү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун алуу талабы сакталат.

Баланы чет өлкөдө мыйзамсыз кармап калган учурда аны издөө, укуктарын коргоо жана Кыргызстанга мажбурлап кайтаруу республиканын кылмыш мыйзамдарына жана Кыргызстан катышкан эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button