Коом

Өлкөдө 2027-жылдан тарта желим баштык колдонууга тыюу салынат

Өлкөдө кийинки жылдан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлү Нурсултан Акматов билдирди.

Ал тыюу салуу тууралуу мыйзам 2023-жылы кабыл алынганын эске салды. Пилоттук долбоор Ысык-Көл облусунда ишке кирген.

«Андан бери үч жыл ичинде жакшы эле жыйынтыктарга жетиштик, айрым желим буюмдарды жана полиэтилен баштыктарды сатууга тыюу салынды. Дүкөндөрдө кагаз баштыктар берилүүдө. 2027-жылы желим баштыктарга тыюу салган мыйзам өлкө боюнча күчүнө кирет», — деди Акматов.

Адис муниципалдык инспекциянын жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери ишкерлердин мыйзамды сактоосун текшере турганын кошумчалады.

Табиятка зыян келтирбей чирип кетүүчү органикалык баштыктарды гана сатууга уруксат берилет. Ал эми Сапат сертификатын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу борбору берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button