Коом
Бишкек Аренанын ачылышында 10 жерден акысыз автобустар каттайт

5-октябрда Бишкек шаарында «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Шаар тургундары жана коноктору үчүн стадионго жеткирүүчү акысыз автобустар 10 жерден каттайт. Автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүнчүлөрдү стадионго жеткирет. Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр кайра жеткирилет.
Автобустар төмөнкү жерлерден жөнөйт:
- «Түбөлүк от» — Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү;
- Батыш автовокзалы — Жибек Жолу проспектиси – Кулиев көчөсү;
- «Киркомстром» — Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
- «Асанбай» кичирайону — А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
- «Ак-Кула» автовокзалы — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
- «Аламүдүн-1» кичирайону — Ауэзов көчөсү, 4;
- «Көк-Жар» конушу — Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү;
- Т. Фрунзе көчөсү — Гагарин көчөсү, 284;
- Абдымомунов көчөсү, 220;
- Сухэ-Батор көчөсү — «Глобус» дүкөнү.
Мэрия жүргүнчүлөргө автобус токтоочу жайларга алдын ала келип, акысыз транспорт менен пайдаланууну сунуштайт.



