Кыргызстанда кант импортун чектөө маселеси талкууланды

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеште канттын импортун чектөө маселеси талкууланды.
Азырынча токтомдун долбоору даяр эмес. Ал жеке ассоциациялар менен макулдашылып жатат. Документти 2-октябрда коомдук талкууга чыгаруу пландалууда.
2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанга 76 миң тонна кант импорттолуп, ага 36 млн доллар жумшалган. Негизги жеткирүүчү — Бразилия, экинчи орунда Россия турат.
Өлкөдө кантка болгон жылдык керектөө болжол менен 140–150 миң тоннаны түзөт. Ал эми 2025-жылы Кыргызстанда 68 миң тонна кант өндүрүлгөн. Министрликтин баамында, 2026-жылдын январь–июль айларында ички өндүрүш керектөөнүн 73%ын камсыздаган.
Импортту чектөө чечими кабыл алынса, канттын баасына таасир этиши мүмкүн.



