Коом

Өлкө аймагында 25 591 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 25-сентябрынан 1-октябрына чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 25 591 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Анын ичинен:

  • тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 4 592;
  • транспорт каражатын мас абалында башкаруу — 355;
  • унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 191;
  • жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 325;
  • транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу — 5 241;
  • автоээнбаштык — 31;
  • белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 1 127;
  • жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу — 7;
  • жол эрежелерин бузуунун башка түрлөрү — 1 241.

Жол эрежелерин ар кандай бузгандыгы үчүн 2 591 транспорт каражаты убактылуу айып короого киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button