Кыргызстан жыл аягына чейин Европа өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачууну пландоодо

Кыргызстан 2026-жылдын аягына чейин европалык авиакомпаниялардын жардамы менен Европа өлкөлөрүнө түз авиакаттамдарды ачууну пландап жатат. Ал эми 2027-жылдын май айынан тарта Asman Airlines да Европа багыттарын ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, учурда европалык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Манасбек Самидинов Кыргызстандын Евробиримдиктин авиациялык «кара тизмесинен» чыгарылышынан кийин Европа өлкөлөрүнө каттамдарды аткарууга чектөө жок экенин белгиледи.
«Жаңы жылга чейин европалык авиакомпанияларды тартып, Кыргызстан менен түз авиакаттамдарды ачтырууну пландап жатабыз», — деди ал.
Азырынча кыргызстандык авиакомпаниялар ылайыктуу учактардын жоктугуна байланыштуу Европага түз каттамдарды ача алышпайт.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн быйыл Asman Airlines компаниясына эки Airbus A321 учагы сатып алынган. Манасбек Самидиновдун айтымында, алар Кыргызстанга 2027-жылдын май айында келиши керек. Андан кийин авиакомпания Европа багыттарын ачууну пландап жатат.



