Коом
Бишкекте миграциялык мыйзамды бузган чет элдик жарандарга айып салынды

Бишкекте 10дон ашык чет өлкөлүк жаран миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы рейддерди өткөрүп, анын жүрүшүндө 30дан ашык чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 10дон ашык адамга карата административдик материалдар толтурулду. Мототранспортту курьер катары иштөө үчүн эмес, шаар ичинде жүрүү үчүн колдонгон бир нече студент профилактикалык маектешүүдөн кийин коё берилди.
Жалпысынан 15 административдик протокол түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 200 миң сомдон ашты.



