Коом
1-декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

1-декабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин маянасы жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, айлыктын жалпы суммасы кызмат ордуна, наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша аныкталат. Ага ылайык, күч түзүмдөрүндө иштегендердин маянасы 10 миң сомго көбөйүп, айрым үстөк акылары азайтылат.
Натыйжада жаңы кызматкерлердин айлыгы кеминде 4 миң сомго, жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары барлардыкы 10 миң сомдон ашык көбөйөт. Өргүү акысы, кызматтан бошотуу жөлөк пулдары жана камсыздандыруу төлөмдөрү да өсөт.
Күч органдарынын пенсионерлеринин акчасы да 10 миң сомго чейин жогорулайт.



