Коом

Кыргызстанда Орозо качан башталары айтылды

Кыргызстанда ыйык Орозо айы 2027-жылы болжол менен 8-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, так датасы орозо башталарга жакын жарыяланат.

Буга чейин Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы келерки жылга карата диний даталардын календарын жарыялаган. Ага ылайык, Орозо 8-февралда башталып, Кадыр түн 5-марттан 6-мартка караган түнү белгиленет. Ал эми Орозо айт 9-мартка, Курман айт 16–18-май күндөрүнө туура келет.

Акыркы жети жылда Кыргызстан менен Казакстанда Орозонун башталыш датасы бирдей болгон. Тактап айтканда:

  • 2020-жыл — 24-апрель;
  • 2021-жыл — 13-апрель;
  • 2022-жыл — 2-апрель;
  • 2023-жыл — 23-март;
  • 2024-жыл — 11-март;
  • 2025-жыл — 1-март;
  • 2026-жыл — 19-февраль.

2027-жылы да эки өлкөдө Орозо бир күндө башталышы мүмкүн. Бирок Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы акыркы дата азырынча бекитиле электигин белгилеген.

Тектеш кабарлар

Back to top button