Коом
«Көк-Арт» тоннели 1-ноябрдан тарта унаа кыймылы үчүн жабылат

1-ноябрдан тарта Кыргызстандагы Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунда жайгашкан «Көк-Арт» тоннели унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.
Учурда тоннель күн сайын саат 06:00дөн 20:00гө чейин ачык.
«Көк-Арт» тоннели деңиз деңгээлинен 2 миң 521 метр бийиктикте, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Манас шаары менен Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын ортосундагы бөлүгүндө жайгашкан.
Бул жол тилкесинин узундугу 125 чакырымды түзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, тоннель аркылуу унаа кыймылы качан жанданары азырынча такталган жок.



