Коом

Садыр Жапаров Чүй облусунда: Аламүдүн районунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана ири долбоорлору

Бүгүн, 6-ноябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аламүдүн районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган инвестициялык долбоорлор, ошондой эле учурдагы көйгөйлөр жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 2026-жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 млрд 250 млн сомду түздү. Бул мезгилде негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 63,8%га көбөйүп, 3 млрд 298,8 млн сомго жетти.

Райондогу ири инвестициялык долбоорлордун катарында төмөнкүлөр белгиленди:

  • инвестициянын көлөмү 20 млн АКШ долларын түзүп, 2 миң жумуш орду түзүлгөн «Силк Вэй» соода борбору,;
  • инвестициянын көлөмү 4,2 млрд АКШ долларын түзгөн «Манас» шаарчасы;
  • инвестициянын көлөмү 18 млн долларды түзүп, 500 жумуш орду түзүлгөн «Чанхун» металлургиялык заводу;
  • инвестициянын көлөмү 35 млн АКШ долларын түзүп, 250 жумуш орду түзүлгөн «Глобал Хаб» логистикалык борбору.

Социалдык чөйрөдө 2024-2026-жылдары райондо 41 объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Алардын катарында 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорттук объект, 6 медициналык мекеме, 1 маданият үйү жана 1 китепкана бар.

Ошону менен бирге бир катар актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлдү. Атап айтканда, карьерлерди иштетүүнү тартипке келтирүү зарылдыгы белгиленди. Мүмкүн болгон чечим катары тиешелүү тилкелерге өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары макамын берүү сунушталды.

Ошондой эле район үчүн биринчи кезектеги муктаждыктар айтылып, аларды ишке ашырууга болжол менен 2 млрд сом талап кылынары белгиленди.

Алардын катарында жергиликтүү маанидеги 35 км жолду асфальттоо, Октябрь жана Васильев айылдарында маданият үйлөрүн куруу, Ленин, Арашан жана С. Чокморов айылдарындагы маданият үйлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү бар.

Мындан тышкары, Кара-Жыгач, Мраморное, Гроздь, Виноградное жана Октябрь айылдарында тазалоочу курулмаларды жана канализациялык тармактарды салуу, эки көпүрө жана Кара-Жыгач айылында спорт залын куруу зарылдыгы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Back to top button