Спорт

Вьетнамдагы жыйын: Кыргызстандын футбол курамасынын курамы жарыяланды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Вьетнамдагы окуу-машыгуу жыйынына барган курамы белгилүү болду.

Башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимов тизмесине 24 оюнчуну киргизди.

Жаракатка байланыштуу Алимардон Шүкүров, Бекназ Алмазбеков жана Александр Мищенко чакырылган жок.

Жыйындын алкагында кыргызстандыктар Кытай Тайбэйине (14-ноябрда) жана Вьетнамга (17-ноябрда) каршы эки жолдоштук оюн өткөрөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button