Коом

Кыргызстанда КРВИ күчөдү: инфекциялык ооруканада жети бала оор абалда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын саны өсө баштады.

Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникалык ооруканасында учурда жети наристе оор абалда жатат.
Медициналык мекеме билдиргендей, акыркы эки суткада аларга 644 адам кайрылса, алардын үчтөн бирине КРВИ диагнозу коюлган. Жалпысынан 231 бейтап ооруканага жаткырылып, алардын басымдуу бөлүгүн сасык тумоого чалдыккандар түзгөн.
«Ооруканага жаткырылгандардын 71 пайызын балдар, негизинен кичинекей курактагы бөбөктөр түзөт», — деп кабарлашты ооруканадан.
Бейтаптардын кескин көбөйүшүнөн улам медициналык персонал күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Оорукана 500 орунга ылайыкталганы менен, учурда стационарда 520 бейтап дарыланып жатат. Алардын көпчүлүгү жаш балдар болгондуктан, жанында энелери да жатышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button