Коом

«Минск трактор заводу» Кыргызстанда өндүрүш ачат: Өкмөт Беларусь менен жаңы долбоорду талкуулады

Минск трактор заводунун (МТЗ) техникаларын Кыргызстанда чогултуу жана өндүрүүчү ишкана курулушу мүмкүн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарла Беларусь Республикасына жасалган расмий сапардын алкагында маалым болду.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Беларуска болгон иш сапарынын жүрүшүндө бир катар маанилүү өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышылды. Алгач кыргыз делегациясына Минск трактор заводунун өндүрүш кубаттуулугу көрсөтүлүп, андан соң эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Сапардын алкагында техника өндүрүү багыты гана эмес, башка тармактагы байланыштар да көңүл чордонунда болду. Жолугушуулардын жыйынтыгында төмөнкү багыттарда макулдашуулар каралды:

  • «Белнефтехим» мамлекеттик концернинде — өлкөлөр аралык зарыл продукцияларды жеткирүү маселелери;
  • «Ждановичи» агрокомбинатында — Кыргызстан менен Беларусь ортосунда жашылча жана сүт азыктарын кайра иштетүү багытында тажрыйба алмашуу.

Белгилей кетсек, «Минск трактор заводу» КМШ мейкиндигинде гана эмес, дүйнө жүзү боюнча айыл чарба техникаларын өндүрүүчү эң ири флагмандык ишканалардын катарына кирет. Аталган заводдун өндүрүш түйүнүнүн Кыргызстанда ачылышы отечественный агрардык секторду заманбап техникалар менен камсыз кылууда чоң мааниге ээ болмокчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button