Коом
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйдү: 9 айда 21 миңден ашык кайрылуу катталды

Кыргызстанда 2026-жылдын 9 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 21 миң 754 кайрылуу катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга көп.
Бул тууралуу депутат Медина Кайрылбекова бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жасаган баяндамасында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы республика боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 23 миң 518 кайрылуу катталган. Ошол эле жылы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы зомбулук фактылары боюнча 656 кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2026-жылдын тогуз айында мындай фактылар боюнча 525 кылмыш иши козголуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга өскөн.



