Президенттик шайлоо: Үгүт иштери 23-декабрда башталат

Президенттик шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт 2026-жылдын 23-декабрында башталып, 2027-жылдын 26-январында саат 08:00дө аяктайт. Бул тууралуу БШКнын Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева билдирди.
Анын айтымында, үгүттү БШКда расмий түрдө катталган талапкерлер гана баштай алат.
Шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, үгүт материалдарын таратып, мыйзамдарда каралган үгүттүн башка ыкмаларын колдоно алышат.
Жупуева бардык талапкерлер үчүн тең шарттар түзүлүшү керектигин билдирди. Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өзүнүн кызматтык абалын айрым талапкерлерди колдоо үчүн пайдаланбашы керек.
БШКда шайлоо алдындагы үгүт эрежелеринин бузулушуна байланыштуу кайрылууларды жана даттанууларды карай турган жумушчу топтор иштеп жатат.
12-ноябрь саат 16:00гө карата Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу ниети жөнүндө 10 адам арыз берди. Талапкерликти көрсөтүү тууралуу арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда саат 23:59да аяктайт. Андан кийин талапкерлер каттоо үчүн жетишпеген документтерди тапшыра алышат.
Талапкерлердин электрондук түрдө кол топтоосу 7-декабрда бүтөт. Катталуу үчүн алар шайлоочулардын кеминде 30 миң колун чогултуусу зарыл. Талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин аяктоого тийиш.
Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.



