Саясат

Бакытбек Адылов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү

Мамлекеттик ишмер, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Бакытбек Адылов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

​Маалыматка караганда, ал 11-ноябрда өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде комиссияга арыз берген. Адылов — президент болуу ниетин билдирген 8-киши.

​Талапкердин өмүр баяны жана эмгек жолу:

44 жаштагы Бакытбек Адылов 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун юрист болуп баштаган.

  • ​2008–2011-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;
  • ​2011–2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген;
  • ​2015–2016-жылдары өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болгон.

​Ошондой эле ал «Туз-Бел-Таш» жана «Байэл-Премиум» компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалаган. 

Тектеш кабарлар

Back to top button