Маданият

Бишкекте композитор жана ырчы Каныкей Эралиеванын мааракелик кечеси өттү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 12-ноябрда КРдин эл артисти, композитор жана ырчы Каныкей Эралиеванын мааракелик кечеси өттү.

Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Министрдин айтымында, Каныкей Эралиеванын чыгармачылыгы кыргыз музыка искусствосунда өзгөчө орунду ээлейт жана улуттук маданияттын мурасынын бир бөлүгү болуп саналат.

Кечеде майрамдык концерт болуп, анда анын белгилүү чыгармалары аткарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button