Медеткан Шеримкулов: «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын тактап, жаш муундарга жеткирүү зарыл»

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын тактап, аны жаш муундарга кеңири жеткирүү зарыл. Бул тууралуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүш тарыхына арналган арналган конференцияда сөз сүйлөп жатып билдирди.
“Кыргыз — кылым курган эл, кыргыз — тарыхта калган эл, кыргыз — мамлекет түзгөн эл. Биз тарыхыбызды тактап, бул тууралуу кеңири айтып беришибиз керек. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында айта турган сөздөр көп”, — деди ал.
Шеримкулов мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн даңазалоо маанилүү экенин белгиледи. Ал белгилегендей, президент Садыр Жапаров эки жыл мурда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү катары атаган беш инсандын ар биринин тарыхтагы ордун элге кеңири таанытуу зарыл.
Ал Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган тасманы жакшы демилге катары баалап, ошондой эле Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жана Абдыкерим Сыдыков жөнүндө да көркөм тасмаларды тартууну сунуштады.
“Бул беш инсан менен эле чектелбейт. Алардын артында мамлекеттүүлүктү түптөөгө салым кошкон ондогон, жүздөгөн, миңдеген адамдар турган. Ошондуктан тарыхый инсандарыбыз жөнүндө тасмаларды тартып, алардын өмүр жолун, эмгегин өзгөчө жаштарыбызга жеткиришибиз керек. Ошондо тарыхыбыз үзүлбөйт”, — деди ал.
Мамлекеттик ишмер ошондой эле 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын, ал эми 1936-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшүнүн тарыхый маанисине токтолду.
Медеткан Шеримкуловдун айтымында, 1936-жылы Кыргызстандын союздук республика макамын алышына негиз болгон талаптарды Иосиф Сталин өзү белгилеген. Алардын катарында калкынын саны бир миллиондон кем болбошу, өз аймагынын болушу жана башка мамлекеттер менен чектешкени каралган.
“Сталин белгилеген негизги талаптардын бири — республиканын башка мамлекеттер менен чектешкен чек арасынын болушу эле. Анткени СССРдин Конституциясында союздук республикалардын Союздун курамынан чыгууга укугу каралган. Эгерде республиканын башка мамлекеттер менен чек арасы болбосо, анда анын курамынан кантип өз алдынча чыгып кетмек? Мисалы, Татарстан менен Башкырстан РСФСРдин ортосунда жайгашкан.
Ал эми Кыргызстандын бардык талаптарга жооп берген мүмкүнчүлүгү болуп, 1991-жылы эгемендүү мамлекет болдук. Эң негизгиси, мамлекетибизди сактап калалы. Аны түбөлүк сактоо — ар бирибиздин милдетибиз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Медеткан Шеримкулов.



