Жалал-Абадда мурдагы жана иштеп жаткан чиновниктер кармалды

Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси С.А.О., айыл аймактарынын биринин мурдагы башчысы А.А.Ж. жана Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А.Ы. кармалды. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, аталган адамдар алдын ала макулдашып алып, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү үчүн аймакты мыйзамсыз кеңейтүү менен башкы планды бекиткени аныкталган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнчачтергөө улантылууда.



