Бишкекке 136 млн рубль менен учуп бара жаткан адам 1 миллиону менен эле калды

Москвадагы «Шереметьево» аэропортунун бажычылары Кыргызстанга 136 млн рублду мыйзамсыз алып чыгуу аракетин токтотушту. Бул тууралуу 13-ноябрда өлкөнүн бажы кызматы билдирди.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө бажычылар Бишкекке учуп бара жаткан 28 жаштагы Россиянын жараны ири сумманы мыйзамсыз алып өтүшү мүмкүн экенин аныкташкан. Жүргүнчү чемоданын каттоого тапшырып, өзү куржуну менен учуу аймагына өткөн. Чемоданды текшергенде резинка менен байланган беш миң рублдук банкноттордун 108 таңгагы табылган. Каражаттын жалпы суммасы 129 млн рубль болгон. Дагы 7 млн рубль колго көтөргөн куржунунда болгон.
Жүргүнчү акчанын кайдан келгени боюнча эч кандай түшүндүрмө берген эмес.
Ага карата Россиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 16.3-беренеси (тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоо) боюнча иш козголгон. Соттун чечими менен алып чыгууга уруксат берилген суммадан ашкан акча конфискацияланган.
Россия президентинин №193 жарлыгына ылайык, жеке жактарга Россиядан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге, ошондой эле Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстанга 1 млн рублдун эквивалентинен ашкан накталай рублду алып чыгууга тыюу салынган.



