Маданият

Бишкекте кыргыз киносунун 85 жылдыгы белгиленди

Бишкекте кыргыз кинематографиясынын 85 жылдыгына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, кино искусствосунун ардагерлери, кинематографисттер жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.

Айбек Дайырбеков кыргыз киносу элдин тарыхын, каада-салтын жана баалуулуктарын чагылдырган мурас экенин белгиледи. Анын айтымында, 85 жыл ичинде тармак дүйнөлүк таанууга ээ болгон «Кыргыз керемети» феноменин жаратты.

Иш-чарада улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө салым кошкон кино ишмерлери сыйланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button