Коом
Кыргызстанда беш жылда электр энергиясын керектөө 25% көбөйдү

Кыргызстанда акыркы беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25% көбөйдү. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков “Биринчи радиоунун” эфиринде айтты.
Электр жарыгын керектөөнүн өсүшүн 1000ге жакын жаңы объект ишке берилгени менен байланыштырды.
Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат.



