Коом

Алмазбек Молдобаев Конституциялык соттун судьясы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 18-ноябрда Алмазбек Молдобаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызматына шайлады. 

Токтомго 80 депутат добуш берди, каршы добуш болгон жок. Отурумда 80 депутат катталган.

Талапкерди президент Садыр Жапаров Конституциянын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен көрсөткөн. Президенттин сунушун Жогорку Кеңеште президенттин жана Министрлер кабинетинин туруктуу өкүлү Нурлан Бообеков тааныштырды.

Алмазбек Молдобаев буга чейин Президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Маселе Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте, ошондой эле Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте каралган. 

Шайлангандан кийин Алмазбек Молдобаев депутаттардын алдында ант берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button