Коом

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалгандар жакында жаңы салынган түрмөгө которулат

Бишкектин чок ортосундагы №1 тергөө абагында кармалып тургандар жакында жаңы курулган изоляторго которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Мекеме аталган тергөө абагы 1943-жылы курулганын, бир нече жыл мурун аны которуу чечими кабыл алынганын эске салды.

Жаңы түрмө Төмөнкү Ноорус (мурунку СИЗО-50) айылында жайгашкан. Комплекс 1 500 кишиге ылайыкташып, жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт.

25-ноябрда абак көчүрүлүп, ошондон кийин кармалып тургандар которула баштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button