Окуялар
Бишкекте үч унаа катышкан жол кырсыгы катталды: Жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди

Бүгүн 18-ноябрда Бишкек шаарында саат 11:00 чамасында Исакеев жана Оберон көчөлөрүнүн кесилишиндеги мектептин жанында жол кырсыгы катталды.
Honda Accord, Hyundai Sonata жана Toyota Caldina үлгүсүндөгү унаалар кагышкан бул окуя тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Toyota Caldina унаасынын айдоочусу экинчи жолдон Оберон башкы көчөсүнө чыгып бара жатып, негизги жолдо бараткан унааларга жол бербей койгон. Натыйжада Honda Accord жана Hyundai Sonata унаалары менен кагышуу орун алган.
Жол кырсыгынын кесепетинен үч унаанын жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилгени маалым болду. Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.



