Дүйнө

Дүйнөдөгү адамдардын 10 пайызы канча тамак жешсе да семиришпейт

Дүйнө жүзүндө ар кандай кызыктуу окуялар бар. Алардан бир аз мисал кылсак.

Кытайлык Ли Циньюнь 231 жыл жашаган. Карыя өзү билбегендиктен бала кезде келген каттардын негизинде жылын эсептешкен.
***

Лондон шаарында сыртынан күзгү менен курчалган даараткана бар. Ичинен көчөдөгү басып жүргөн адамдардын баары көрүнөт, сырты болсо күзгү. Муну адамдардын психологиясын текшерүү үчүн жасашкан.
***

Дүйнөдөгү адамдардын 10 пайызы канча тамак жешсе да, эч качан семиришпейт.
***

Эгерде бардык адамдар, тамактанаар алдында колдорун самындап жуушса, 1 жылда 1млн өмүр сакталмак.
***

Кытайда эң узакка созулган унаа тыгыны 11 күнгө созулган.
***

Суу куюлган бөтөлкөдөгү «Колдонуу мөөнөтү» деген жазуу сууга эмес бөтөлкөгө арналат. Анткени, адамдар эч качан сууну жасай албайт.
***

Эгер үйгө мышыгыңыз, өлгөн чычкан, чымчык алып келсе, ага ачууланбаңыз. Себеби, анын үй бүлөөгө болгон ниети ак. Анын максаты сиздерге тыгын-таян кылуу, бүлөгө кошумча тамак-аш алып келүү.
***

Жолборстун тили ушунчалык ачуу. Анын тилинде тик турган, майда катуу эттер бар. Эгер ал, адамдын колун 3 ирет жаласа канап кетет.
***

Пингвиндерде адамдардыкы сыяктуу эле кадимкидей таттуу сүйүү болот дешет окумуштуулар. Эркек пингвиндер ургаачысына махабатын арнагандагысын билдирип, майда кооз таштарды белек кылышат.
***

Эгерде адам өмүрүндөгү интернетте олтурган убактысын эсептесе, киши өлтүрүп түрмөдө олтурган адамдыкынан узак болот. Анткени, ал жок дегенде 14 жашында кылмыш кылса, интернетти балдар 3 жашынан баштап колдонуп баштайт.

Даярдаган Ырысгүл Ызатова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button