Биштекте 73 миң 513 сомдук коньяктарды уурдаган 36 жаштагы жигит кармалды

Бишкек шаарындагы Ленин РИИБнин кызматкерлери борбор калаадагы гипермаркеттерде коньяк уурдаганга шектелип кармалган жаран тууралуу маалымат берди.
Борбордогу гипермаркеттерден кымбат-баалуу коньяк уурдаганга шектелип кармалган жарандын мурда да уурулук кылып 4 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган экен.

Андан сырткары, бул жарандын үстүнөн башка дагы 6 арыз түшкөн. Ал башка соода борборлорунан жалпы баасы 73 миң 513 сомдук кымбат-баалуу коньяктарды уурдап кеткендиги айтылган.
2020-жылдын 17-февралында Бишкектин Ленин РИИБине Ш.А. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ошол күнү саат 14:30 чамасында белгисиз адамдар Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан гипермаркеттердин биринен жалпы суммасы 13 миң 637 сомдук коньякты уурдап кеткендигин айткан.
Ленин РИИБинин участкалык инспекторлору тарабынан бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Коньяк уурдаган адамдын тергөө иштери уланууда.
Abal.kg



